Бүтүрүүчүлөрдү майрамдык кечеге чакыруу
March 19, 2014
Урматтуу бүтүрүүчүлөрүбүз!
Студенттер, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, окутуучулар баарыбыз бир университет үй-булөсүнүн мүчөсү деп эсептейбиз. Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинин жалпы жамааты катары быйыл жаңы программа уюштуруп жатабыз. Университет менен бүтүрүүчүлөр ортосундагы байланышты чыңдоо максатында, университетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө биргеликте салым кошуу үчүн бүтүрүүчүлөрүбүз жашаган шаарларда 2014-жылдын 19-апрелинде (ишемби күнү) саат 14:00дө программа уюштуруп жатабыз.