“Ала-Тоо” Эл аралык университетинде республикалык ЖОЖдор аралык мамлекеттик тил боюнча “Мамлекеттик тил аракетте” аттуу студенттик III Олимпиада.

May 16, 2022

2022-жылдын 27-апрелинде “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде Республикалык ЖОЖдор аралык мамлекеттик тил боюнча “Мамлекеттик тил аракетте” аттуу студенттик III Олимпиада болуп өттү. Олимпиадага Бишкек шаарындагы 21 жогорку окуу жайларынын   1-2-курста окуп жаткан жергиликтүү жана чет элдик студенттер өздөрүнүн билимдерин көрсөтүштү. Олимпиада 2 бөлүккө бөлүнүп, жергиликтүү студенттер тест жазуу жана долбоор коргоо ал эми чет элдик студенттер көркөм окуу боюнча күчтөрүн сынашты.

Олимпиаданын өткөрүүнүн жобосуна ылайык катышуучулардын билимин баалоо үчүн атайын  калыстар тобу түзүлдү.

1.      Сабыралиева Айгерим Сабыралиевна

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси

2.      Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору

3.      Эсеналиева Кенжеке Эсеналиевна

Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун  филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор

4.      Акматов Искендер

“ Креатив-Таалим” билим беруу комплексинин мугалими 

5.      Жапаракунов Улук Курманбекович

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ага илимий кызматкери, доценттин милдетин аткаруучу

Олимпиаданын жыйынтыгында “Мыкты тил билги жана мыкты долбоор” номинациясы боюнча:

I орунга “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин  Информатика жана эсептөө факультетинин 2-курсунун студенти Саитов Бекназар.

II орунга И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 1-курсунун студенти Абдухомидов Сардор.

III орунга И.Раззаков атындагы  Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин 1-курсунун студенти Эрнисбеков Акылбек.