Университеттеги тил майрамы

September 28, 2019

   Мамлекттик тилдин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата «Ала-Тоо» эл аралык университетинде 2019-жылдын 25-сентябрь күнү  комплекстүү  иш-чаралар болуп өттү. Саат 12:00дө – Студенттер тарабынан «Көчмөндөр жармаңкеси»  деп аталган оюн-зоок  программасы  университеттин аянтчасында болуп, мында студенттерге  кыргыз маданиятын, этнографиясын чагылдырган  ар түрдүү  суроо-жооптор  уюштурулду жана кыргыз элинин спорттук оюндары ойнотулду. Мындан бөлөк жармаңкеде шаарыбыздагы    басмаканалардан кыргыз тилинде жарык көргөн китептер сатылды жана  кыргыз улуттук тамактарынын түрлөрү көрсөтүлүп, даам татышты.

  Ушул эле күнү саат 13:00 кыргыз этнографиясын мыкты  чагылдырылып  жасалган кыргыз тили кабинетинин ачылышы болду. Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын жетектөөчү адиси Толукбаева Сезим Карыбековна жана университеттин администрациясынын катышуусу менен кабинеттин кызыл лентасы кесилди.

  Ал эми саат 14:00дө универстеттин Маданият жана ден-соолук борбору тарабынан атайын мамлекеттик тилибиздин мыйзамдаштырылганынын 30 жылдык маарекесине карата «Тил – достуктун данекери» деген аталышта  майрамдык концерт тартууланды. Концертте студенттер тарбынан кыргыз элинин патриоттук темадагы ырлары  ырдалып, комуз, манас айтуу өнөрлөрү да чагылдырылды.